Кайсы шаарларда буйрутмаларды жеткирүүгө болот?
Кыргызстанда тамак-аш буйрутмаларын Бишкек, Манас (Жалал-Абад), Каракол жана Ош шаарларында жеткирүүгө болот.
Эмнелерди жеткирүү керек?
Ресторандардан даяр тамактарды жана дүкөндөрдөн азык-түлүктөрдү жеткиресиз.
Буйрутмаларды кайсы аймакта жеткирүү керек?
Буйрутмалар сиз тандаган жеткирүү аймагынан түшөт.
Иш графигин өз алдынча тандаса болобу?
Ооба. Жеткирүү убактысын жана аймагын алдын ала тандасаңыз болот же тиркемедеги жеткиликтүү убакыт аралыктарын эске алып, өзүңүзгө ыңгайлуу учурда буйрутмаларды жеткирсеңиз болот.
Жеткирүү ишин негизги жумуш менен айкалыштырса болобу?
Ооба, буйрутмаларды бош убактыңызда, анын ичинде кечинде жана дем алыш күндөрү жеткирип, кошумча киреше таба аласыз.
Кыйынчылык жаралса, кайда кайрылуу керек?
Яндекс Про тиркемесиндеги колдоо кызматына жазып, жагдайды кеңири түшүндүрүңүз.
Жеткирүүчүлөргө кандай талаптар коюлат?
Катталуу үчүн, адатта, 18 жаштан жогору болуу жана смартфондун болушу талап кылынат. Так шарттар шаарга жана өнөктөшкө жараша өзгөрүшү мүмкүн.
Катталуу тартиби кандай?
Анкетаны толтуруңуз, оператордун байланышка чыгышын күтүңүз. Андан соң каттоону аяктап, термосумканы алуу үчүн жеткирүүчүлөр борборуна барыңыз.
Кандай документтер керек?
Өздүгүн тастыктаган документ (паспорт же жашап турууга уруксат) жана социалдык камсыздандыруу картасы керек болот. Документтердин так тизмеси катталууда маалымдалат.
Башка өлкөнүн жараны жеткирүүчү боло алабы?
Катталуу мүмкүнчүлүгү документтерге жана иштөөгө болгон укукка жараша болот. Чет өлкөлүк жарандарга жашап турууга уруксат талап кылынат.
iPhone колдонсо болобу?
Ооба, буйрутмаларды аткаруу үчүн iOS же Android тутумундагы смартфон жарайт.
Төлөмдөр канчалык тез-тез жүргүзүлөт?
Кызматтын шарттарына ылайык, төлөмдөр жума сайын жүргүзүлөт.
Акча кайда которулат?
Катталууда көрсөтүлгөн банк картасына которулат.
Киреше эмнелерге жараша болот?
Кирешеге аткарылган буйрутмалардын саны, аралык, суроо-талап, аба ырайы, жүрүү ыкмасы, бонустар жана чайпул таасир этет.
Бир саатта канча буйрутма аткарууга болот?
Буйрутмалардын саны суроо-талапка жана транспорттун түрүнө жараша болот. Орточо эсеп менен саатына 2 буйрутма аткарылат.
Кирешени кантип көбөйтүүгө болот?
Суроо-талап жогору болгон убакта жеткирүүгө чыгып, транспорт колдонуп жана жеткиликтүү бонустук программалардан пайдалана аласыз.
Термосумка жана атайын кийим берилеби?
Термосумка жеткирүүчүлөр борборунда катталганда берилет. Фирмалык кийим берүү шарттары катталуу учурунда такталат.
Термосумканы кайдан алууга болот?
Катталуу учурунда жеткирүүчүлөр борборунан аласыз.
Термосумканы колдонуу милдеттүүбү?
Ооба, тамак-аштын сапатын сактап жеткирүү үчүн термосумка керек.
Термосумка үчүн акы төлөө керекпи?
Термосумка акысыз берилет.
Буйрутмаларды кандай жолдор менен жеткирүүгө болот?
Шаарыңызда жеткиликтүү болгон мүмкүнчүлүктөргө жараша жөө, велосипед, самокат, мотоцикл же автоунаа менен жеткирсеңиз болот.
Транспортту ижарага алса болобу?
Кызматтын өнөктөштөрү транспортту ижарага алуу мүмкүнчүлүгүн сунушташы мүмкүн. Анын жеткиликтүүлүгү жана баасы шаарга жараша болот.
Жеке транспортко фирмалык белгилерди чаптоо керекпи?
Жок, жеке транспортко фирмалык белгилерди чаптоо талап кылынбайт.